Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 6-октябры № 18/1
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-январынан тартып 2019-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен аныкталган финансалык тартип бузуулар жана көрсөтүлгөн кемчилдиктер жөнүндө
Ылаай-Талаа айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-январынан тартып 2019-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында аныкталган финансалык тартип бузуулар боюнча төмөндөгүлөрдү белгилейт:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, жарандык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомун бузуу менен маданият кызматкерлерине 12,3 миң сом аванс төлөнүп берилген жана эмгек акыдан кармалбай калган. Андан сырткары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 26-август 2008-жылдагы № 471 “Сапар чыгымдарын төлөө” жөнүндөгү токтомуна ылайык аудит мезгилинде 22 кызматкерге 10,3 миң сомго сапар чыгымдарын ашыкча төлөнгөндүгү аныкталып бул чыгымдар аудит мезгилинде көрүлгөн чаралардын негизинде өз ордуна коюлган. 2018-2019-жылдарга ижарага берилбей калган 108 га КБФнун жеринен бюджетке түшпөй калган суммасы 200,6 миң сомду түзүп ушул суммага айыл өкмөтүнүн бюджетине жоготуу болгондугу аныкталган.
Жогорудагылардын негизинде Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-январынан тартып 2019-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы тууралуу отчетто белгиленген финансалык тартип бузууларды, кетирилген кемчилдиктерди эске алып, угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-январынан тартып 2019-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен аныкталган финансалык тартип бузуулар жана көрсөтүлгөн кемчилдиктер бар экендиги белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитордук текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен аныкталган бюджеттик каражаттардын максатсыз чыгымдалышына жол бергендигине айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровдун, ФЭБнүн башчысы А.Жолдошова, айыл чарбасы жана жер маселлелери боюнча башкы адиси Б.Исаевдердин көңүлдөрү бурулсун жана көрсөтүлгөн кемчилдиктерди жоюу, бюджеттин аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү боюнча иш алып баруу менен бирге жооптуу кызматкерлер тарабынан мындан ары финансалык тартип бузууларга жол бербөө менен алардын административдик жана аткаруучулук жоопкерчиликтерин күчөтүү, бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун сапатын жакшыртуу менен мыйзам бузууларга жол бербөө жагын колго алышсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык Кенешинин социалдык маданий, билим берүү, коммуналдык менчик, саламаттыкты сактоо, маалымдуулук, жаштар иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына ( төрага орун басары Т.Намашанов ) тапшырылсын.
Төрага | Н.Жолдошов |