Загрузка документа…
КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 26-октябры №29\1
Коронавирус оорусун жайылтпоо, элдин коопсуздугун камсыз кылуу жана бул илдеттин экинчи толкунун алдын алуу боюнча коомчулуктун жыйналышынын №01 21 октябрь2020-жылдагы протоколун кароо жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 31-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Коронавирус оорусун жайылтпоо, элдин коопсуздугун камсыз кылуу жана бул илдеттин экинчи толкунун алдын алуу боюнча коомчулуктун жыйналышынын №01 21октябрь 2020-жылдагы протоколу жетекчиликке алынсын, аткарылышы камсыз кылынсын
2. Айыл өкмөтүнүн аймагында короновирус оорусун жайылтпоо максатында 2020-жылдын, 21-октябрдан 01-декабрга чейин каада-салтка байланышкан бардык жөрөлгөлөргө чектөөлөр киргизилсин жана өкмөтүн аймагындагы дүкөндөр,соода сатык иштери кечки саат 20-00гө чейин жүргүзүүлсүн.
3. Короновирус инфекциясын жана башка вирустук оорулардын таралышын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү,коомдук уюмдарга жана айыл өкмөтүнун айыл башчыларына,мечиттердин, намазканалардын имамдарына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине жүктөтүлсүн
Төрага | С.Жээналиев |