Загрузка документа…
КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 26-октябры №29/2
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Шоро айылындагы стадиондун жогорку батыш тарабындагы айыл чарбасына жараксыз жерден көрктөндүрүү үчүн макулдук берүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 31-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Шоро айылындагы стадиондун жогорку батыш тарабындагы селкананын жээгиндеги айыл чарбасына жараксыз 0,50 га жерди Темиров Нурсултанга келишимдин негизинде өздөштүрүп көрктөндүрүү үчүн макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Т. Кыдыркуловго тапшырылсын.
Төрага | С.Жээналиев |