Редакцияот 26.10.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Коңур-Дөбө айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын кезексиз 29-отуруму

 

2020-жылдын 26-октябры №29/3

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Жар-Кыштак айылынын батыш тарабындагы эски таштанды ташталган айыл чарбасына жараксыз жерден көрктөндүрүү үчүн макулдук берүү жөнүндө

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 31-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Жар-Кыштак айылынын батыш тарабындагы Гүлчө дарыясынын боюндагы эски таштанды ташталган айыл чарбасына жараксыз 2 га жерди Кожонов Джанибекке келишимдин негизинде 10 жылга өздөштүрүп көрктөндүрүү үчүн макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Т. Кыдыркуловго тапшырылсын.

 

Төрага

С.Жээналиев