Загрузка документа…
КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 26-октябры №29\5
Арпа-Тектир орто мектебинин алдындагы жолго балдардын коопсуздугу үчүн жасалма дөңчө коюуга айыл өкмөтүнөн акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 31-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Коңур-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Арпа-Тектир орто мектебинин алдындагы жолго балдардын коопсуздугу үчүн жасалма дөңчө коюуга айыл өкмөтүнөн акча каражат бөлүнүп берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С.Жээналиев |