Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-сентябры № 38/1
Жошолу айыл өкмөтүндө органикалык аймак түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Кыргызстанда органикалык айыл чарба азыгын өндүрүүнү өнүктүрүүгө багытталган мыйзамына таянып Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХXVIII заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Алай районунун Жошолу айыл өкмөтүндө органикалык айыл чарбасынын жана жаратылыш ресурстарын үнөмдөөчү технологияларын жайылтуу, айыл жашоочуларына экологиялык таза, органикалык азыктарды өңдүрүүгө шарттарды түзүп, аларды таза азыктар менен камсыз кылуу, өндүрүлгөн органикалык азыктарды сатууга өбөлгө түзүү менен айыл жашоочуларынын экономикалык абалдарын жакшыртуу аркылуу айыл жеринде туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу максатында Жошолу органикалык аймагы болуп түзүлсүн.
2. Органикалык аймакта органикалык айыл чарба технологияларын жайылтуу, биопрепараттарды, энтомофагдарды колдонуу, органикалык жер семирткичтерди өндүрүү, органикалык азыктарды өндүрүү, кайра иштетүү, таңгактоо, сактоо, сатуу стандарттары жана сертификаттоо эрежелери боюнча практикалык жардамдарды алуу жана ошондой эле мындан ары органикалык аймактагы чарбалык иштерди жандандыруу үчүн инвестиция тартуу үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Органикалык айыл чарба департаментинен суралсын.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Абдырахмановго , жер боюнча адиси Ж.Зикировго жана Органикалык айыл чарба департаментинин Ош территориалдык филиалынын директору И. Эминбаевага милдеттендирилсин.
Төрага | З . Боронов |