Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-октябры № 39/1
Коронавирус оорусу боюнча эпидемиологиялык кырдаалды туруктуу сактоо жана алдын алуу иштерин жүргүзүү,оорунун экинчи толкунуна карата профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү жөнүндө
Жошолу айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХXIХ заседаниясы коронавирус оорусу боюнча эпидемиологиялык кырдаалды туруктуу сактоо жана алдын алуу иштерин жүргүзүү,оорунун экинчи толкунуна карата профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коронавирус инфекциясынын экинчи толкунунун алдын алуу максатында бардык мекеме-ишканаларда, дүкөндөрдө, мечиттерде, калк көп топтолгон жерлерде өз убагында залалсыздандырып туруу жагы мекемелердин жетекчилерине жана айыл өкмөттүн алдындагы штабдын ар бир мүчөсүнө милдеттендирилсин.
2. Коронавирус оорусу боюнча эпидемиологиялык кырдаалды туруктуу сактоо жана алдын алуу иштерин жүргүзүү максатында 2020-жылдын 1-ноябрынан баштап кыз узатуу, уул үйлөө тойлору чектөө менен ( 10-15 адамдын катышуусунда), ал эми калган пландалуучу той-аштар, жылдыктар, даталуу юбилейлер , туулган күндөрдү тосуу, алтын кассаларды топтолуп өткөрүү, чогулуп райондун борборуна мончого баруу ж.б. элди топтоочу ырым-жырымдар эпидемиологиялык кырдаал турукташканага чейин токтотулсун.
3. Коронавирус илдетине каршы күрөшүү жана илдеттин жайылышына бөгөт коюу максатында 2020-жылдын 20-октябрынан тартып дүкөндөрдө эрте мененки саат 8:00 дөн, кечки саат 18:00гө чейин гана иштөөгө жана ал дүкөндөрдө спирттик ичимдиктердин сатылуусуна чектөө коюлсун.
4. Калктын калың катмарына оорудан сактануу эрежелери, эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо тартиби, аба жана тыгыз байланышуу аркылуу жугуучу инфекциялардан сактануу тууралуу түшүндүрүү максатында эскертме баракчаларды таратуу айыл аймагындагы штабдын мүчөлөрү, ден соолук комитеттери жана ыктыярчылары аркылуу жүргүзүлсүн .
5. Жугуштуу оорунун алдын алуу максатында спорттук оюндарды өткөрбөө үчун спорткомплексти жана мектептердин спортзалдарын пайдаланууну чектөө, көзөмөлдөө жагы айыл башчыларга тапшырылсын.
6. Айыл аймагындагы ички жана тышкы каттамдардагы такси кызматтарын аткарууда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен жеке менчик унаалар үчтөн ашык жарандарды салбоого, маршруттук транспорттор сегизден ашык адамдарды салууга тыюу салынсын.
7. Айыл аймагындагы бардык мекемелерде, айыл өкмөтүндө санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө, оорулардын алдын алуу максатында бардык жерде милдеттүү түрдө беткаптарды тагынуу киргизилсин.Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактабай, беткаптарды тагынбай жүргөн жарандарга жазаналар салынсын.
8. Айыл аймагындагы бардык мечиттерде, намазканаларда жума намазы жана жамааттык намаздар убактылуу токтотулуп, үйлөрүндө окушсун. Ошондой эле бардык мектептердин спортзалдарында жана айылдык спорткомплексте спорттук оюндардын өткөрүлүүсүнө тыюу салынсын.
9. Айылдык Кеңештин чечими менен жогорудагы бекитилген чектөөлөрдү райондун бардык айыл өкмөттөрүндө да иш жүзүнө ашырууга көмөктөшүү жагы райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынан суралсын.
10. Аталган чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн алдындагы бирдиктүү иш алып баруу штабдын курамына милдеттендирилсин.
Төрага | З . Боронов |