Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-октябры № 39/2
Кыймылсыз мүлк бирдиктерин мыйзамдаштыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 9-июлундагы № 123, 2006-жылдын 28-декабрындагы № 217, 2009-жылдын 26-январындагы № 29 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык, жер участогун менчикке же пайдаланууга акысыз берүү тууралуу 32-беренесинин 7-пунктуна таянып, 1991-жылы кыймылсыз мүлктөрдү бөлүштүрүүдө картографиялык материалдарга көрсөтүлбөй калган Жошолу айыл аймагы боюнча жайыт жерлеринде жайгашкан кыймылсыз мүлк бирдиктерин мыйзамдаштыруу максатында Жошолу айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХXIХ заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагына караштуу жайыт жерлерде жайгашкан таш короо жана бузулган сарайлардын орундарына мүлк каттоо учурунда картографиялык материалдарга көрсөтүлбөй калган кыймылсыз мүлк бирдиктерин мыйзамдаштыруу жагы Жошолу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Т.Абдырахмановго тапшырылсын.
Төрага | З . Боронов |