Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 07-августу № 117/27
Жазы айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-жарым жылында жергиликтүү бюджеттен үнөмдөлгөн акчаларды сарптоо жөнүндө
Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы М. Ибраимовдун 2020-жылдын 1-жарым жылында аткарылган иштер жана үнөмдөлгөн акчалар жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жазы айыл өкмөтү боюнча 2020-жылдын 1-жарым жылдыгына бала бакчалардын “Тамак-аш” сатып алуудан үнөмдөлгөн 576,1миң сом 2218 статьясынан орто мектеп тармагынан А. Абдыкеримов орто мектебинин ашканасынын ремонттун бүтүрүүгө 3111 статьясына жылдырылсын .
2. Кызыл-Дыйкан айылынын О. Исаков көчөсүнө асфальт төшөөдөн үнөмдөлгөн ЖКХ тармагынын 3111 статьясынан, айылдарга электр мамычаларын жана электр чубалгыларын сатып алуу үчүн 3112 статьясына 234,4миң сом жылдырылсын.
3. Спорт жана Эгемендүүлүк күнүнө каралган СДК 2215 статьясынан, айылдарга электр мамычаларын жана электр чубалгыларын сатып алуу үчүн ЖКХнын 3112 статьясына 260,4миң сом жылдырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жазы айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Ж.Акматов |