Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 07-августу № 118/27
Учурдагы пандемиялык (COVID-19) кырдаал учурунда ҮДТ-15 жана айылдагы ФАПтардын иштери жана аймакты мектептердин абалы жөнүндө
Айылдык кеңештин социалдык комитеттин төрайымы С. Тургунбаеванын (COVID-19) кырдаал учурунда ҮДТ-15 жана айылдагы ФАПтардын иштери жана аймакты мектептердин абалы жөнүндө маалыматтын угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Учурдагы пандемиялык (COVID-19) кырдаал учурунда ҮДТ-15 жана айылдагы ФАПтардын жүргүзуп жаткан иштери канааттандыралык деп табылсын.
2. ҮДТ-15 башка дарыгери М. Разаковага жарандарга, COVID-19 илдети боюнча түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүү мекемелерде, мектептерди дезинфекциялоо жагы милдеттендирилсин.
3. Айыл өкмөттүн бюджети тарабынан мектептерге ремонт жана башка нерселерге бөлүнгөн акча каражаттары тез аранын ичинде бөлүнүп берилүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарлышын көзөмөлдөө айыл чарба, энергетика, курулуш, транспорт жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Акматов |