Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-сентябры № 30/1
Ленин айыл өкмөтүнүн алдындагы “Биримдик сервис “муниципалдык ишканасынын жетекчиси Г.Кулуевдин жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн алдындагы “Биримдик сервис “ муниципалдык ишканасынын жетекчиси Г.Кулуевдин жүргүзгөн иштеринин абалы боюнча 2020-жылдын 24-сентябрындагы билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ленин айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн алдындагы “Биримдик сервис “муниципалдык ишканасынын жетекчиси Г.Кулуевдин жүргүзүп жаткан иштери жакшы деп баалансын.
2. Ленин айыл өкмөтүнүн алдындагы “Биримдик сервис “ муниципалдык ишканасында иштеп жаткан кызматкерлердин кетирген кемчилдиктерин эске алып, кызмат абалын кароо жагы айыл өкмөт башчы Н.Матановго сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин мыйзам жана укук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Айдаралиев |