Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-сентябры №30/3
Мурдаш айылындагы асфальт жолго машинанын ылдамдыгын азайтуу максатында жолго дөңчө коюу жөнүндө
Мурдаш айылындагы асфальт жолго машинанын ылдамдыгын азайтуу максатында жолго дөңчө коюу боюнча Мурдаш айылынын тургундарынын 2020-жылдын 23-сентябрындагы арызын карап чыгып, Ленин айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мурдаш айылындагы асфальт жолго машинанын ылдамдыгын азайтуу максатында жолго дөңчө коюу боюнча Мурдаш айылынын тургундарынын арызы канааттандырылсын.
2. Мурдаш айылынын“Ак-Бор”, “Манак”, “Кошбай “ участкаларындагы асфальт жолго машинанын ылдамдыгын азайтуу максатында жолго дөңчө коюуга уруксат берилсин жана дөңчө коюп берүү жагы № 957 ДЭП-959 суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Матановко тапшырылсын.
Төрага | Б.Айдаралиев |