Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24–декабры № 20/1
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2019- жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча жана 2020- жылдагы бюджетин бекитүү жөнүндө
Кара-Гуз айылдык кеңешинин кезектеги (VI-шайланган) жыйырманчы сессиясынын кун тартибиндеги Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн бюджет бекитүү жөнүндө Кара-Гуз айылдык кеңешинин кезектеги (VI-шайланган) 20 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы кээ бир кемчилдиктери менен канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2020- жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 10 990.5 миң сомго, чыгаша бөлүгү 10 990.5 миң сомго бекитилсин.
3. Бекитилген бюджеттин беренелерге бөлүштүрүлүп түзүп, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара- Кулжа аймактык бөлүмүнө тапшыруу жагы Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б.Абдыракмановго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Гуз айылдык кеңешинин социалдык-маданий, билим беруу, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык онугуунун болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Мамишовго тапшырылсын.
Төрага | С.Оморов |