Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-январы № 21/1
Кара-Кулжа райондук прокуратурасы тарабынан 09.01.2020-жылдагы №11-13-20 “Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” мыйзамынын аткарылышын кароо жөнүндө
Кара-Кулжа райондук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Кулжа району боюнча башкармалыгынын катынын негизинде “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын,милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча Кара-Гуз айылдык кеңешинде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу айылдык кеңештин төрагасы С.Оморовдун маалыматын угуп жана талкуулап Кара- Гуз айылдык кеңешинин (VI-шайланган) кезексиз жыйырма биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүүдө аныкталган мыйзам бузууларга жол бергендиги үчүн айылдык кеңештин депутаттары Абдырахманова Малимкан Кожоевна, Дубанаев Асан Дүйшөевич, Кенжебаева Калыс Ырысбаевна, Маметов Ысак Алтымышович, Зикиров Мураталин Токтомаматович, Назарбеков Улукман Даниярович, Базарбаев Заирбек Мамашарипович, Садыр уулу Кенжебек, Калмамат уулу Дөөлөт, Таиров Имамади Нуралиевичтерге эскертилсин жана аларга мындан ары Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын, анын ичинде жогоруда аталган Мыйзамдын талаптарынын бузулушуна жол бербей, сакталышын камсыз кылуу жана мыйзам талаптарын так аткаруу жагы милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, Кеңештердин иштери, депутаттык этика коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С.Оморов |