Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-январы № 21/3
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2019-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча жана 2020- жылдагы бюджетин бекитүү жөнүндө
Кара-Гуз айылдык кеңешинин (VI-шайланган) жыйырма биринчи сессиясынын күн тартибиндеги № 21/3 маселеси болгон Кара- Гуз айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2019-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча жана 2020-жылдагы бюджетин бекитүү жөнүндө Кара-Гуз айылдык кеңешинин (VI-шайланган) жыйырма биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2019-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы кээ бир кемчиликтери менен канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2020- жылдагы бюджети белгиленген жайыттардын аянтына айыл өкмөтүнүн аймагындагы малдардын шарттуу башына эсептелген баалардын негизинде киреше бөлүгү 165 миң сомго, чыгаша бөлүгү 165 миң сомго бекитилсин.
3. Жайыт пайдалануу акысынын өлчөмү жылкыга-40 сом, уйга 40 сом, кой-эчкиге-8 сом, башка айыл өкмөтүнөн келген жылкыга-100 сом, уйга 100 сом, кой-эчкиге-20 сомдон бекитилсин.
4. Бекитилген Жайыт комитетинин бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жайыт комитетинин төрагасы Т.Нурматовго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Гуз айылдык Кеңешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык онүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Мамишовго тапшырылсын.
Төрага | С.Оморов |