Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-майы № 22/2
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Жаңы-Талаа айылындагы 10 жылдык мөөнөт менен ижарага берилип кеткен жер участкасынын ижара келишимин, жана айыл өкмөтүнүн токтомун бузуу жөнүндө
Кара-Гуз айылдык кеңешинин кезектеги (VI-шайланган) жыйырма экинчи сессиясынын күн тартибиндеги маселеси болгон № 22/2 Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Жаңы-Талаа айылындагы 10 жылдык мөөнөт менен ижарага берилип кеткен жер участкасынын ижара келишимин, жана айыл өкмөтүнүн токтомун бузуу жөнүндө Кара-Гуз айылдык кеңешинин кезектеги (VI-шайланган) жыйырма экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн аймагындагы кооптуу участкадан көчүрүлүп келген жарандарга турак жай салууга жер тилкесин бөлүп берүү үчүн, айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Калматай айылынын тургуну Аскаров Айдарга 10 жылдык мөөнөт менен ижарага берилген жер участкасын
Учурда Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн аймагындагы кооптуу аймактардагы атуулдарды көчүрүп жайгаштыруу максатында 2018-жылдын 22-мартындагы № 3 ижара келишими бир тараптуу бузулсун жана айыл өкмөтүнүн 2018- жылдын 22-мартындагы № 6-токтому жокко чыгарылсын.
2. Калматай айылынын тургуну Аскаров Айдарга 10 жылдык мөөнөт менен ижарага берилген 2,50 гектар жер аянтына болгон пайдалануу укугу токтотулсун.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Кара-Гуз айылдык кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Мамишовго тапшырылсын.
Төрага | С.Оморов |