Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-майы № 22/3
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн балансындагы Фронталдык погрузчиктин мындан аркы иштөөсү жөнүндө
Кара-Гуз айылдык кеңешинин кезектеги (VI-шайланган) жыйырма экинчи сессиясынын күн тартибиндеги № 22/3 маселеси болгон Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн балансындагы Фронталдык погрузчиктин мындан аркы иштөөсү жөнүндө Кара-Гуз айылдык кеңешинин кезектеги (VI-шайланган) жыйырма экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетине АРИС долбоору аркылуу келген Фронталдык погрузчиктин ушул мезгилге чейин иштеген мото- саатынын эсеп- учётун алуу үчүн айылдык кеңештин депутаттарынан жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен төмөндөгүдөй комиссия түзүлсүн .
1. Кармышаков Салмоорбек Мырзабекович – комиссиянын төрагасы.
2. Базарбаев Заирбек Мамашарипович - комиссиянын катчысы.
3. Маматкасым уулу Замирбек - комиссиянын мүчөсү
4. Койлубаев Мирбуба Жуманазарович - комиссиянын мүчөсү
5. Зикиров Мураталин Токтомаматович - комиссиянын мүчөсү
6. Эшеналиев Абдыкалык Нуруевич - комиссиянын мүчөсү
2. Түзүлгөн комиссия Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетине АРИС долбоору аркылуу келген Фронталдык погрузчиктин ушул мезгилге чейин иштеген мото-саатын эсептеп чыгып, айылдык кеңештин депутаттарына отчёт беришсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Кара-Гуз айылдык кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Т.Нурматовго жана Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Мамишовго тапшырылсын.
Төрага | С.Оморов |