Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-майы № 22/4
Кара-Гуз айыл өкмөтү боюнча салык төлөмдөрүнүн тарифи жөнүндө
Кара-Гуз айылдык кеңешинин кезектеги (VI-шайланган) жыйырма экинчи сессиясынын күн тартибиндеги № 22/4 маселеси болгон Кара-Гуз айыл өкмөтү боюнча салык төлөмдөрүнүн тарифи жөнүндө маселени карап чыгып талкуулап Кара-Гуз айылдык кеңешинин кезектеги (VI-шайланган) жыйырма экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн жарандарынын сунуш пикирлерин эске алып, Кара-Гуз айыл өкмөтү боюнча салык төлөмдөрүнүн өлчөмүн көтөрүүгө мүмкүн эместиги белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Кара-Гуз айылдык кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына, Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси Т.Каденовго жана Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Мамишовго тапшырылсын.
Төрага | С.Оморов |