Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кара-Гуз айылдык кеңешинин кезектеги (VI-шайланган) жыйырма экинчи сессиясынын жыйналышы
2020-жылдын 13-майы № 22/5
Кара-Гуз айыл өкмөтү боюнча калктуу конуштардын жер участкалары, такталгандан кийинки ашыкча жер участкаларын айыл өкмөтүнө алуу жөнүндө
Кара-Гуз айылдык кеңешинин кезектеги (VI-шайланган) жыйырма экинчи сессиясынын күн тартибиндеги № 22/5 маселеси болгон Кара-Гуз айыл өкмөтү боюнча калктуу конуштардын жер участкалары, такталгандан кийинки ашыкча жер участкаларын айыл өкмөтүнө алуу жөнүндө маселесин карап жана талкуулап Кара-Гуз айылдык кеңешинин кезектеги (VI-шайланган) жыйырма экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын жер участкалары такталгандан кийинки ашыкча жер тилкелери айыл өкмөтүнүн менчигине өткөрүлүп алынсын.
2. Өткөрүлүп алынган жер тилкелери Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн кооптуу участкалардан жапа чеккен (атайын корутундусу бар) жарандарына турак жай куруу үчүн жана социалдык обьектилерди куруу үчүн берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Кара-Гуз айылдык кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына, Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси З.Уметовго жана Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Мамишовго тапшырылсын.
Төрага | С.Оморов |