Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-майы № 22 /6
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн Жетим-Дөбө айылынын Көк-Таш участкасындагы көпүрөнү баланска алуу жөнүндө
Кара-Гуз айылдык кеңешинин кезектеги (VI-шайланган) жыйырма экинчи сессиясынын күн тартибиндеги № 22/6 маселеси болгон Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн Жетим-Дөбө айылынын Көк-Таш участкасындагы көпүрөнү баланска алуу жөнүндө маселесин карап жана талкуулап Кара-Гуз айылдык кеңешинин кезектеги (VI-шайланган) жыйырма экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн Жетим- Дөбө айылынын Көк- Таш участкасындагы көпүрө Кара- Гуз айыл өкмөтүнүн балансасына алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Кара-Гуз айылдык кенешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына, Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б.Абдыракмановго жана Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Мамишовго тапшырылсын.
Төрага | С.Оморов |