Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 7-июлу № 23/1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.02.2020-жылдагы №64 токтомунун негизинде айылдык кенешинин катчы кызмат оруну киргизилгендигине байланыштуу Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн аппаратынын кайра штаттык түзүмүн бекитүү жөнүндө
Кара-Гуз айылдык кеңешинин кезексиз (VI-шайланган) жыйырма үчүнчү сессиясынын күн тартибиндеги № 23/1 Кыргыз Республикасынын Президентинин 31.01.2017-жылдагы №17-«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестирин бекитүү жөнүндөгү жарлыгын» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.02.2020-жылдагы №64-токтомун негиз кылып калкынын саны 6001ден ашкан айылдык аймактар айылдык кеңештин катчысы кызмат оруну киргизилгендиги боюнча Кара-Гуз айылдык кеңешинин кезексиз (VI-шайланган) жыйырма үчүнчү сессиясынын күн тартибиндеги № 23/1 маселеси болгон Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн аппаратынын кайра штаттык, түзүмү боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б. Абдыракмановдун берген маалыматын угуп жана талкуулап Кара-Гуз айылдык кеңешинин (VI-шайланган) жыйырма үчүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.02.2020-жылдагы №64 токтомунун негизинде калкынын саны 6001ден ашкан айылдык аймактар айылдык кенештин катчысы кызмат оруну киргизилгендигине байланыштуу Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн аппаратынын кайра штаттык, түзүмү тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Айылдык кеңештин катчысынын ишмердилуугун камсыз кылууда анын эмгек акы жана башка чыгымдары менен каржылоону Кара-Кулжа райондук каржы башкармалыгы менен макулдашып жүзөгө ашыруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б. Абдыракмановго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Гуз айылдык кенешинин маданий, билим берүү, коммуналдык менчик, саламаттыкты сактоо, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага | С.Оморов |