Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 27-августу №24/1
Кара-Гуз айыл өкмөтүндөгү Кара-Жыгач, Жетим-Дөбө ичүүчү таза суу маселелери жөнүндө
Кара-Гуз айылдык кеңешинин кезектеги (VI-шайланган) жыйырма төртүнчү сессиясынын күн тартибиндеги № 24/1 маселесин карап чыгып Кара-Гуз айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Гуз айыл өкмөтүндөгү Кара-Жыгач, Жетим-Дөбө ичүүчү таза суу маселеси боюнча комиссия түзүлүп бузулган жерлерин ондоп түзөө жагы тендер боюнча жооптуу адис Жолдошов Айбекке милдеттендирилсин.
2. Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн Кара-Жыгач, Жетим-Дөбө ичүүчү таза суу проэктисин айыл өкмөттүн балансасына өткөрүп алуу үчүн айылдык кеңештин депутаттарынан жана айыл тургундарынын төмөндөгүдөй комиссия курамы түзүлсүн:
Оморов Сейитбек - Кара-Гуз айылдык Кенешинин төрагасы, комиссиянын төрагасы:
Кармышаков Салмоорбек - айылдык кенештин депутаты, комиссиянын катчысы:
Бердигулов Сыдыкбай - айылдык кенештин депутаты, комиссиянын мүчөсү:
Базарбаев Заирбек - айылдык кенештин депутаты, комиссиянын мүчөсү
Паизов Эрибай - Алтын-Күрөк айылынын тургуну, комиссиянын мүчөсү:
Темирбаев Макен - Жетим-Дөбө айылынын тургуну, комиссиянын мүчөсү:
Султанов Акинтай -Алтын-Күрөк айылынын тургуну, комиссиянын мүчөсү:
Кожобеков Урмат - Кара-Жыгач айылынын тургуну, комиссиянын мүчөсү:
Сабиржанов Таалай -Кара-Жыгач айылынын тургуну, комиссиянын мүчөсү:
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Кара-Гуз айылдык кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына, Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн айыл башчыларга жана Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Мамишовго тапшырылсын.
Төрага | С.Оморов |