Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 27-августу № 24/2
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн балансындагы Фронталдык погрузчиктин мындан аркы иштөөсү жөнүндө
Кара-Гуз айылдык кеңешинин кезектеги (VI-шайланган) жыйырма төртүнчү сессиясынын күн тартибиндеги № 24/2 маселесин угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин кезектеги (VI-шайланган) жыйырма төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетине АРИС долбоору аркылуу келген Фронталдык погрузчиктин иштетилген соляркасынын өлчөмүн белгилеп 1 саатына 1 мото час эсептелип акт түзүлүп числосу менен кийинки иштөөсүн белгиленип бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Кара-Гуз айылдык кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин төрагасы Т.Нурматовго жана Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Мамишовго тапшырылсын.
Төрага | С.Оморов |