Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 27-августу № 24/3
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн айылдарындагы жайкы иштеринин аткарылышы жана мектептердеги ремонт иштери жөнүндө
Кара-Гуз айылдык кеңешинин кезектеги (VI-шайланган) жыйырма төртүнчү сессиясынын күн тартибиндеги № 24/3 маселесин угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин кезектеги (VI-шайланган) жыйырма төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн айылдарындагы жайкы иштеринин аткарылышы жана мектептердеги ремонт иштери эң жакшы деп табылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Кара-Гуз айылдык кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына, жана Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Мамишовго тапшырылсын.
Төрага | С.Оморов |