Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 27-августу № 24/4
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн Жаны-Талаа айылына сүттү кайра иштетүүчү ишкана курууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жыл ”Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” деп жарыялаган Жарлыгын турмушка ашыруу максатында Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн Жаны-Талаа айылына сүттү кайра иштетүүчү ишкана курууга жер тилкесин бөлүп берүү үчүн Кара-Гуз айылдык кеңешинин кезектеги (VI-шайланган) жыйырма төртүнчү сессиясынын күн тартибиндеги № 24/4 маселесин талкуулап Кара-Гуз айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн Жаны-Талаа айылына сүттү кайра иштетүүчү ишкана куруу үчүн 10000 метр кв жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кара-Гуз айылдык кеңешинин агрардык азык-тулук, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Мамишовго тапшырылсын.
Төрага | С.Оморов |