Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 27-августу №24/5
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн Жаны-Талаа айылына Спорт комплекс курууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жыл ”Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” деп жарыялаган Жарлыгынын алкагында Жаңы- Талаа айылына Спорт комплекс куруу үчүн Кара-Гуз айылдык кеңешинин кезектеги (VI-шайланган) жыйырма төртүнчү сессиясынын күн тартибиндеги №24/5 маселесин карап чыгып Кара-Гуз айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара- Гуз айыл өкмөтүнүн Жаны- Талаа айылына Спорт комплекс куруу үчүн 3000 метр кв жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Кара- Гуз айылдык кеңешинин агрардык, азык-тулүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу жер жана жер ресурстары экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Мамишовго тапшырылсын.
Төрага | С.Оморов |