Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-июлу №2
Ноокат шаарынын аймагындагы “Балапан” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин күз-кышка даярдоо үчүн жаны от казанын курууга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы “Балапан” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин күз-кышка даярдоо үчүн жаны от казанын курууга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Ноокат шаардык мэриясынын сунушунун негизинде Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы “Балапан” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин күз-кышка даярдоо үчүн жаны от казанын курууга Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин 706-бөлүмүнүн 3111 беренесинин эсебинен 259 850 (эки жүз элүү тогуз миң сегиз жүз элүү) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |