НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы
2020-жылдын 8-июлу №6
Ноокат шаарынын аймагындагы “У.Салиева” атындагы “Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин” күз-кышка даярдоо үчүн от казанын ондоп-түзөөгө акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы “У.Салиева” атындагы “Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин” күз-кышка даярдоо үчүн от казанын ондоп-түзөөгө акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы “У.Салиева” атындагы “Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин” күз-кышка даярдоо үчүн от казанын ондоп-түзөөгө Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин 706-бөлүмүнүн 3111 беренесинин эсебинен 179 680 (бир жүз жетимиш тогуз миң алты жүз сексен) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |