Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-июлу №8
Ноокат шаарынын Кара-Турпак кварталына караштуу ФАПтын жылытуу жабдууларын күз-кышка даярдоо үчүн ондоп-түзөөгө акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын Кара-Турпак кварталына караштуу ФАПтын жылытуу жабдууларын күз-кышка даярдоо үчүн ондоп-түзөөгө акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешининбюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын Кара-Турпак кварталына караштуу ФАПтын жылытуу жабдууларын күз-кышка даярдоо үчүн ондоп-түзөөгө Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин 706-бөлүмүнүн 3111 беренесинин эсебинен 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |