Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-июлу №9
Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуллаев атындагы орто мектебинин ажатканасын ондоп-түзөө үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуллаев атындагы орто мектебинин ажатканасын ондоп-түзөө үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуллаев атындагы орто мектебинин ажатканасын ондоп-түзоо үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин 706-бөлүмүнүн 3111 беренесинин эсебинен 163 150 (бир жүз алтымыш үч миң бир жүз элүү) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |