Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-июлу №10
Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Самиев атындагы орто мектебинин күз-кышка даярдоо үчүн от казанын ондоп-түзөөгө акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Самиев атындагы орто мектебинин күз-кышка даярдоо үчүн от казанын ондоп-түзөөгө акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Самиев атындагы орто мектебинин күз-кышка даярдоо үчүн от казанын ондоп-түзөөгө Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин 706-бөлүмүнүн 3111 беренесинин эсебинен 197 520 (бир жүз токсон жети миң беш жүз жыйырма) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |