Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-июлу №11
Ноокат шаарынын аймагындагы Крупская атындагы орто мектебинин күз-кышка даярдоо үчүн отказанын, жылытуу түтүктөрүн ондоп-түзөө жана алмаштырууга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы Крупская атындагы орто мектебинин күз-кышка даярдоо үчүн отказанын, жылытуу түтүктөрүн ондоп-түзөө жана алмаштырууга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы Крупская атындагы орто мектебинин күз-кышка даярдоо үчүн отказанын, жылытуу түтүктөрүн ондоп-түзөө жана алмаштырууга Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин 706-бөлүмүнүн 3111 беренесинин эсебинен 643 100 (алты жүз кырк үч миң бир жүз) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |