Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-июлу №12
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин кызматкерлерине кошумча иштеген күндөрү үчүн эмгек акы төлөө жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин кызматкерлерине КРнын эмгек кодексинин №175-статьясы менен Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрдөгү жумушка эмгек акы, эки эседен кем эмес акысын кошумча иштеген күндөрү үчүн акы төлөө жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушун карап, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин кызматкерлерине кошумча иштеген күндөрү үчүн эмгек акы Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин 706-бөлүмүнүн 3111 беренесинин эсебинен:
-706-бөлүмдүн-2111 эмгек акыга 52 865 (элүү эки миң сегиз жүз алтымыш беш) сом;
-2121 соц. фонду 9 119 (тогуз миң бир жүз он тогуз) сом акча каражаттары ажыратылып берилсин:
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |