НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы
2020-жылдын 8-июлу №13
Ноокат шаарынын Бостон кварталындагы курулуп жаткан жаны мектептин айланасын тосуу, көрктөндүрүү, асфальттоо жана алдына брусчатка жаткыруу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын Бостон кварталындагы курулуп жаткан жаны мектептин айланасын тосуу, көрктөндүрүү, асфальттоо жана алдына брусчатка жаткыруу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Ноокат шаардык мэриясынын сунушунун негизинде Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ноокат шаарынын Бостон кварталындагы курулуп жаткан жаны мектептин айланасын тосуу, көрктөндүрүү, асфальттоо жана алдына брусчатка жаткыруу үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин 706-бөлүмүнүн 3111 беренесинин эсебинен 1 800 000 (бир миллион сегиз жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |