НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы
2020-жылдын 8-июлу №14
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин кызматкерлерине керектелүүчү шаймандарды сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин кызматкерлерине керектелүүчү шаймандарды алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин кызматкерлерине керектелүүчү шаймандарды алуу үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин 706-бөлүмүнүн 3111 беренесинин эсебинен 45 000 (кырк беш миң сегиз жүз алтымыш беш) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |