Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-июлу №16
Ноокат шаарынын аймагындагы мектеп жана “Мектепке чейинки билим берүү мекемелерине” жана башка ишканаларга түзүлгөн сметалар үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы мектеп жана “Мектепке чейинки билим берүү мекемелерине” жана башка ишканаларга түзүлгөн сметалар үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин 706-бөлүмүнүн 3111 беренесинин эсебинен Ноокат шаарынын аймагындагы мектеп жана “Мектепке чейинки билим берүү мекемелерине” жана башка ишканаларга түзүлгөн сметалар үчүн 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |