НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы
2020-жылдын 8-июлу №20
Ноокат шаарынын Ош, Солтабаев, С.Алимбаев, Ленин атындагы көчөлөрүндөгү түнкү жарык берүүчү чырактарынын лампаларын алмаштыруу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын көчөлөрүндөгү жол чырактарын лампаларын алмаштыруу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык мэриясынын сунушунун негизинде Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуукомиссиясынын берген тактамасын карап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин 706-бөлүмүнүн 3111 беренесинин эсебинен Ноокат шаарынын Ош, Солтабаев, С.Алимбаев, Ленин атындагы көчөлөрүндөгү тунку жол чырактарын лампаларын алмаштыруу үчүн 80 000 (сексен миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |