Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-июлу №25
Ноокат шаарынын көчөлөрүндөгү куйуп калган тунку чырактарын алмаштыруу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын көчөлөрүндөгү куйуп калган тунку чырактарын алмаштыруу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын көчөлөрүндөгү куйуп калган тунку чырактарын алмаштыруу үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин 706-бөлүмүнүн 3111 беренесинин эсебинен 67 800 (алтымыш жети миң сегиз жүз) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |