Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-декабры №1
“Ноокат Суу канал” Муниципалдык ишканасынын ичүүчү сууну категориялар боюнча тарифтерин жана кошумча кызматтардын бааларын бекитүү жөнүндө
“Ноокат Суу канал” Муниципалдык ишканасынын бүгүнкү күндө колдонулуп келе жаткан ичүүчү сууну категориялар боюнча тарифтери авариялар көбөйүп, бардык керектүү жабдуулар кымбаттагандыгын, инфляцияны эске алганда өзүн-өзү актабай жаткандыгына байланыштуу калкты сапаттуу жана үзгүлтүксүз суу менен камсыз кылуу жөнүндөгү “Ноокат Суу канал” ишканасынын директору З.Камаловтун Ноокат шаардык кеңешине жазган катынын негизинде муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап чыгып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ноокат Суу канал” Муниципалдык ишканасынын тарифтери төмөндөгүчө бекитилсин:
-өздүк наркы 1метр куб суу үчүн 30 сом 26 тыйын.
2.Суу пайдалануучу абоненттерге категориялар боюнча төмөндөгүдөй тарифтер колдонулсун.
-калк үчүн 1 метр куб- 20 сом 00 тыйын;
-бюджеттик жана комуналдык мекеме ишканалар үчүн 1метр куб-60 сом 00 тыйын;
-комерциялык жана өндүрүштүк ишканалар үчүн 1метр куб-60 сом 00 тыйын;
3. борбордук суу түтүктөрүнө уланууга техникалык шарттарды даярдоо (калк учун) – 886 сом 43 тыйын.
-борбордук суу түтүктөрүнө уланууга техникалык шарттарды даярдоо (юридикалык жактарга)-1208сом 43 тыйын.
4. Жогорудагы көрсөтүлгөн тарифтер 2021-жылдын 1-январынан баштап колдонулсун.
5. ”Ноокат Суу канал” ишканасына, ичүүчү сууну категориялар боюнча тарифтери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агентигинин Ош облустук бөлүмү менен макулдашуу жагы жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
төрага | А.Гафаров |