Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-декабры № 6
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин кызматкерлеринин кабинеттерин жылытууга жылыткыч буюмдарын сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин кызматкерлеринин кабинеттерин жылытууга жылыткыч буюмдарын сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин кызматкерлеринин кабинеттерин жылытууга жылыткыч буюмдарын сатып алуу үчүн 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
төрага | А.Гафаров |