Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-декабры №8
Ноокат шаар аймагындагы социалдык абалы начар аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жаны-жылдык белек берүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаар аймагындагы социалдык абалы начар аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жаны-жылдык белек берүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен Ноокат шаар аймагындагы социалдык абалы начар аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жаны-жылдык белек берүү үчүн 127 000 (бир жүз жыйырма жети миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
төрага | А.Гафаров |