Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018– жылдын 22-декабры № 8/1
Катта–Талдык айыл аймагынын 2019– жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Катта-Талдык айыл аймагынын 2019–жылга бюджетин кабыл алуу боюнча айыл аймагынын финансы–экономикалык болумунун башчысы–К.Кайназарованын докладын угуп жана аны талкуулап чыгып, суйлошкон депутаттардын сын пикирлерин угуп, депутаттардын Катта-Талдык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катта - Талдык айыл аймагынын 2019– жылга бюджетинин кирешелер бөлүгү 23954,6 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Катта - Талдык айыл аймагынын бюджетинин чыгашалар бөлүгү 23954,6 мин сом өлчөмүндө бекитилсин
3. Айыл аймагынын 2019 – жылга штаты жалпы 31 штаттык бирдик менен бекитилсин, анын ичинен 8 айыл башчы, ВУС – 3 штаттык бирдик , ветеринардык врач (контракт менен) 1 штат, кенже тейлөөдөгү кызматкер 2 штат,техникалык тейлөөдөгү кызматкер 1 штат.
4. Айыл башчылардын эмгек акысы айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адисинин денгээлиндеги эмгек акысы жана ветеринардык врачтын (контракт менен) эмгек акысы адистин денгээлиндеги эмгек акысы менен бекитилсин.
5. Катта-Талдык айыл аймагынын 2019-жылга атайын каражат боюнча 2850,0 мин сом өлчөмүндө киреше жана чыгаша бөлүгү бекитилсин.
6. Катта-Талдык айыл аймагынын жайыт комитетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгү 398,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
7. Айыл аймагынын бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышын көзөмөлдөп, аны статьялар боюнча мыйзам чегинде сарпталуусун камсыздоо жагы айыл аймагынын башчысына жуктолсун жана 2019 – жылга карата Катта - Талдык айыл аймагынын бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүктөрүнүн статьялар боюнча өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго уруксат берилсин.
8. Катта-Талдык айыл аймагынын 2019-жылга резервдик фонду 230,5 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
9. 2019– жылга карата Катта - Талдык айыл аймагынын бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүн мыйзам чегинде сарпталуусун көзөмөлдөө жагы депутаттардын Катта - Талдык айылдык Кенешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуукомиссиясына тапшырылсын.
төрага | Айдаров С |