Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-январы №42-б
Катта-Талдык айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо жана калктуу конуштардын чек араларын орнотуу жумуштарынын даярдалган материалдарды бекитүү жөнүндө
Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл аймагынын жалпы жер фондун инвентаризациялоо жана ички чек араларын аныктап тактоо боюнча “Кыргызмамжердолбоор” институнун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы даярдаган материалдарын жана айыл өкмөтүнүн жерлерин инвентаризация жүргүзүү калктык конуштардын ички чек араларын аныктап, тактоо жана орнотуу боюнча комиссиянын актысын карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл аймагынын жалпы чек араларынын сызыгын аныктап тактоо, жер фондусун инвентаризациялоо боюнча “Кыргызмамжердолбоор” институнун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын жумушун жана жер фондун инвентаризациялоо боюнча жумушчу топтун сырткы чек араларын орнотуу актысы бекитилсин.
2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Катта-Талдык айылдык кенешинен суралсын.
Башчы К.Жантөрөев