Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019 жылдын 11-марты № 9/3
Ар түрдүү маселелер (Бала бакчаларда ата-энелердин балдардын тамак-ашына төлөмдөрүн көтөрүү) жөнүндө
Катта-Талдык айылдык аймагына караштуу балдар бакчаларында ата-энелердин балдардын тамак-ашына төлөмдөрүн 625 сомдон 750 сомго көтөрүү жөнүндөгү бала бакчалардын башчыларынын билдирүүсүн угуп, талкуулап Катта-Талдык айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Катта-Талдык айылдык аймагына караштуу “Татына”, “Жаш канат”, “Жоогазын гүлү”, “Эркетай бала” жана “Көгүлтүр асман” балдар бакчаларындагы ата-энелердин балдардын тамак-ашына 1 айлык төлөмдөрү 2019-жылдын 1-февралынан баштап 750 сомго бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуукомиссиясына тапшырылсын.
төрага | Айдаров С |