Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019 жылдын 11-марты № 9/4
Катта-Талдык айыл аймагынын Кызыл-Ордо айылынын наамы жок көчөгө “Жаңы-Конуш” көчө деп наам берүү жөнүндө
Катта-Талдык айылдык кеңеши Кызыл-Ордо айылынын тургундарынын 2019-жылдын 23-январындагы жалпы чогулушунун протоколунун жана 2020-жылы эл жана турак-жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндөгү токтомдун, буйруктун негизинде Катта-Талдык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Ордо айылындагы наамы жок көчөгө “Жаңы-Конуш” көчөсү деп наам берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, тил жана каада-салт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага С.Айдаров