Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-марты № 9/6
Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын “20”февралындагы №66-б токтомундагы “Баш-Булак айылынын тургундарынын жеке менчик турак жай куруу муктаждыгын жана жеке менчик турак жай куруу арыздарын канаттандыруу максатында Баш-Булак айылындагы Долоно участкасынын №140 контүрүндагы 2,0 га “Калктуу конуш” категориясындагы жер аянтын башкы планга киргизүүнү” бекитип берүү жөнүндө
Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын “20”февралындагы №66-б токтомундагы “Баш-Булак айылынын тургундарынын жеке менчик турак жай куруу муктаждыгын жана жеке менчик турак жай куруу арыздарын канаттандыруу максатында Баш-Булак айылындагы Долоно участкасынын №140 контүрүндагы 2,0 га “Калктуу конуш” категориясындагы жер аянтын башкы планга киргизүүнү” бекитип берүү сунушун карап чыгып жана талкуулап Катта-Талдык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Булак айылынын тургундарынын жеке менчик турак жай куруу муктаждыгын жана жеке менчик турак жай куруу арыздарын канаттандыруу максатында Баш-Булак айылындагы Долоно участкасынын №140 контүрүндагы 2,0 га “Калктуу конуш” категориясындагы жер аянты башкы планга киргизилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Катта-Талдык айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Катта-Талдык айылдык кеңешинин туруктуукомиссиясына тапшырылсын.
төрага | Айдаров С |