Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019–жылдын 29-майы №10/1
Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-майдагы №119 токтомунун Ачы айылынын Торгой-Булак участогунун тургундарынын жеке менчик турак-жай куруу муктаждыгын чечүү максатында Торгой-Булак участогундагы №62 контурдагы 0,18 га жер аянтына калктуу конуш графасында жайгашкан категориясындагы жер аянтын башкы планга киргизүү жөнүндө
Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-майындагы Ачы айылынын Торгой-Булак участогунун тургундарынын жеке менчик турак-жай куруу муктаждыгын чечүү жана айыл тургундарынын арыздарын канааттандыруу максатында башкы план менен таанышып жана талкуулап Катта-Талдык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Ачы айылынын Торгой-Булак участогундагы №62 контурдагы 0,18 га калктуу конуш жер тилкеси калктуу конушта жайгашкан, жеке үй куруучуларга турак жай салуу үчүн ажыратып берүү жагын сунуштайт.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Катта-Талдык айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Катта-Талдык айылдык кенешинин туруктуукомиссиясына тапшырылсын.
төрага | С. Айдаров |