Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019 – жылдын 29-майы №10/3
Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-майындагы №125 токтому жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы “Кыргыз Республикасынын токойлоруна дарактарды өсүп турган жеринде баалап өткөрүү үчүн дарак породаларын турган жеринде баалап өткөрүлчү жыгачтарына таксаларды жана Кыргыз Республикасынын токой баскан аянттарын баалоо үчүн нормативдерди бекитүү жөнүндөгү” №97 токтомунун, Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-майындагы №125 токтомунун негизинде Катта-Талдык айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы №97 токтомунун 13-беренесинин негизинде жана Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-майындагы №125 токтомуна ылайык Баш-Булак айылындагы Интернационал конушунун генералдык планындагы жолго эгилген кайрагачты жана кайнолуну баары (11 түп жаш көчөт) алынуу жагын же жылдырууга уруксат берүү жагын Ош облусунун айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинен суралсын.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдап жана дарегине жеткирүү жагы Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн жер адистерине жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Катта-Талдык айылдык кенешинин айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо туруктуукомиссиясына (У.Жолдошев) тапшырылсын.
Катта-Талдык айылдык
кеңешинин төрагасы: С.Э. Айдаров