Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019–жылдын 27-сентябры № 11/2
Катта-Талдык айылдык кеңешинин аймагындагы Баш-Булак айылынын тургуну Курмушева Рысбүбүнүн арызы жөнүндө
Катта-Талдык айылдык кеңешинин аймагындагы Баш-Булак айылынын тургуну Курмушева Рысбүбүнүн Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясына 19.06.2019-жылы №К-177 болуп катталган арызын карап чыгып, талкуулап жана Р.Курмушеванын турмуш шарты оордугуна байланыштуу Катта-Талдык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Булак айылынын тургуну Курмушева Рысбүбү ден соолугун чындоого Индия мамлекетине кетип жаткандыгына байланыштуу айыл өкмөтү тарабынан 35 (отуз беш) мин сом акчалай жардам берүү жагы Катта-Талдык айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Ушул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөттүн Финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы жана бюджет боюнча туруктуукомиссиясынын төрагасы Ы.Дашаевге жүктөлсүн.
Төрага | С.Айдаров |