Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019–жылдын 27–сентябры № 11/3
Катта–Талдык айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн статьялар боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча
Катта–Талдык айылдык өкмөтүнүн 2019–жылга смета боюнча жыл башында каралган акча каражаты жетишсиз болгондугуна байланыштуу 1-ноябрга карата кошумча акча каражатын кароо боюнча билдируусун угуп жана талкуулап, бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн тармактар жана статьялар боюнча озгортуу үчүн Катта–Талдык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесинин 4-пунктуна жана 109-беренесинин 2-пункттарына ылайык Катта–Талдык айылдык аймагынын 2019–жылга бюджетинин чыгашалар бөлүгүнүн 70111 тармагынын 2215 «башка тейлоо кызматтарын алууга » статьясынан 50 000 ( элуу мин ) сом,2222 «материалдарды сатып алуулар»статьясынан 130 000 ( жуз отуз мин) сом жалпы 180 000 ( жуз сексен мин) сом акча каражаты ,70629 тармагынын 2215 (башка тейлоо кызматтарын алууга) статьясына жана 70911 тармагынын 3111 «имараттар жана курулмалар» статьясынан 300 000( уч жуз мин) сом акча каражаты 70629 тармагынын 3111«имараттар жана курулмалар» статьясына жылдырылып пайдаланылсын.
2. Катта-Талдык айыл аймагынын 2019–жылдын 9 айлык бюджетти аткаруу боюнча чыгашалар бөлүгүнө тиркеменин негизинде озгортуулор киргизилсин (тиркеме тиркелет)
3. Катта–Талдык айыл аймагынын 2019-жылдын 9 айлык бюджеттине атайын каражатка 370,0 мин сом акча каражаты кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнө кошумча бекитилсин.
4. Айылдык округдун бюджетинин чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышын көзөмөлдөп, статьялар боюнча мыйзам чегинде сарпталуусун камсыздоо жагы Катта–Талдык айылдык округуна жуктолсун.
5. Ушул токтомду козомолдо жагы Катта–Талдык айылдык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С.Айдаров |